<?xml version="1.0" encoding="UTF-8"?><song><title>Бул ааламдын башталышы Өзүң болуп РЫЖ280</title>
<lyrics>[V1]
. Bm                          Em
 Бул ааламдын башталышы Өзүң болуп,
. A                 D       F#
 Ааламдын акыры да Сен экенсиң.
. Bm                       Em
 Асмандан жердегиге кубат берип,
. A               D       F#
 А Өзүң табышмактуу бекинесиң.

[C1]
.  G       A          D     Bm
   О Теңир, бул ааламдын Падышасы,
.  Em      F#                Bm
   О Теңир, бул ааламдын боорукери,
.  Em       F#                Bm
   Чөгөлөп, мен алдыңда таазим кылам,
.  G     A        F#m  Bm
   О Теңир, өмүрүмдүн берекеси.

[V2]
 Кечир мени, күнөөлөрдөн арылайын,
 Ыйса Теңир, бир Өзүңө табынайын.
 Сүйүнүчтөн, өкүнүчтөн көздүн жашы
 Куюлат, Куткаруучум, кагылайын.

[V3]
 Өзүңө бекем болсун ишенимим,
 Түбөлүк жүрөгүмдө жаша менин.
 Жараткан, көргөз эми чындык жолун,
 Сени ээрчип, Сага келсин сүйгөн элим.</lyrics>
<hymn_number>280</hymn_number>
<key>Bm</key>
</song>